Эми концерттердин афиша жана билеттеринде “жандуу үн” же “фонограмма менен” деген жазуулар болушу керек

Эми концерттердин афиша жана билеттеринде “жандуу үн” же “фонограмма менен” деген жазуулар болушу керек. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

 

Андан такташкандай, буйрук “Фонограммалар жөнүндө” мыйзамынын негизинде керектөөчүлөрдүн укугун коргоого, музыка искусствосун өнүктүрүүгө жана аткаруучулардын потенциалын жакшыртууга багытталат.