Баткен шаарында мыйзамсыз курулуштар алынууда

Баткен шаарында мыйзамсыз курулуштар алынууда. Шаардык мэриянын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, учурда Орозбеков көчөсүндө кызыл сызыктан чыгарылган тосмолор алынды.

 

Бошотулган көчөлөрдө жөө адамдар басуучу жолдор кеңейтилип, жашылдандыруу иштери аткарылат.

 

Ошондой эле ирригациялык лотоктор жаңыланып, көчөнүн түнкү жарыктандыруу системасы жакшыртылат.