Дача СУ айылынын тургундарын башка аймакка көчүрүү маселеси кайрадан көтөрүлдү

Бишкектин четиндеги Дача СУ айылынын тургундарын башка аймакка көчүрүү маселеси кайрадан көтөрүлдү. Бул тууралуу конуштун жашоочулары менен жергиликтүү чиновниктердин жолугушуусунда белгилүү болду.

 

Эл коопсуздук маселелеринен улам аларды башка жакка көчүрүү, жер бөлүп берүү маселесин буга чейин да айтып чыккан.

 

Анткен менен бийлик бул маселени качан жөнгө салаары белгисиз.

 

Эске салсак, «Манас» эл аралык аба майданынын жанындагы Дача СУ конушунда мындан туура беш жыл мурун учак кыйраган. Каргашада 35 жергиликтүү тургун жана төрт учкуч курман болгон.