Баткен шаарында таза суу долбоору 72 пайызга аткарылды.
Аймактын жетекчилигинен “Акипресске” билдиришкендей,
Сары-Таш суу тундуруучу жайын реабилитациялоо үчүн 100 миң евро каралган.
Долбоор өкмөт менен Европа өнүктүрүү банкынын ортосунда макулдашылган.
Долбоордун биринчи этабында Баткен шаарында эки миң үй-бүлө жашаган
аймактын суу системасы толугу менен жаңыланып, эсептегичтер орнотулуп,
калк 24 саат бою суу менен камсыздалды. Иштер февралда башталган,
аны күзгө чейин жыйынтыктоо планда бар.