Коронавирус пандемиясынан улам массалык ачкачылык пайда болушу мүмкүн

Коронавирус пандемиясынан улам массалык ачкачылык пайда болушу мүмкүн.

Мындай алдын ала маалыматты Бириккен Улуттар Уюму билдирүүдө.

Анын Азык-түлүк боюнча дүйнөлүк программасынын аткаруучу директору

Дэвид Бизли билдиргендей, үстүбүздөгү жылдын аягына чейин азык-түлүккө

муктаж адамдардын саны 265 миллионго жетиши ыктымал. Бул көрсөткүч өткөн

жылдан эки эсеге көп. Бизли белгилегендей, дүйнөлүк бирикмелердин жардамына

муктаж болгон күнүнө 300 миңден ашык адам каза табат. Жоготуулар үч айга чейин созулат.

Кеп, Африка, Жакынкы Чыгыш, Азия жана Түштүк Америка өлкөлөрү тууралуу болуп жатат.