Эртеңден тарта Баткенде бузулган объектилердин ордун тазалоо башталат

Баткенде эртеңден тарта бузулган объектилердин ордуларын тазалоо башталат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунун башчысы Ырысбек Жолдошбаев билдиргендей, облус аймагына министрлик тарабынан 615 куткаруучу, 53 техника тартылган.

Алар гумжардамдарды кабыл алуу, түшүрүү, жеткирүү иштерин аткарууда.

Куралдуу кагылышууда жабыркаган объектилер изилденип, келтирилген чыгым эсептелүүдө.

Кыргыз тараптан 365 турак үй, алты стратегиялык объект, тогуз социалдык объект, 168 сарай, 168 тиричилик камсыздоо объектиси, 16 унаа жабыркаган, — деп айтылат маалыматта.