Республикада аба-ырайы кескин бузулгандыктан, куткаруучулар жарандарды этият болууга чакырат

Республикада аба-ырайы кескин бузулгандыктан, куткаруучулар жарандарды этият болууга чакырат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, бүгүн тынбай жаап жаткан кар жана туманга байланыштуу, трассаларда көрүү начарлайт.

 

Андан улам, транспорт кыймылы татаалданып, тыгындар, авариялык абалдар жаралышы күтүлөт. Айдоочуларга унаа башкарып бара жатканда абайлап, ылдамдыкты жогорулатпай жүрүү сунушталат. Ал эми жөө  жүрүүчүлөр жолду тиешелүү тилкелерден гана кесип өтүшү керек.