“Кайыңды кант” кумшекердин дүң баасын төмөндөттү

“Кайыңды кант” ишканасы бүгүнтөн тарта кумшекердин дүң баасын төмөндөттү.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан кабарлашкандай, баа 1 килограммына 79 сомго чейин төмөндөтүлдү.

Бул чечим базарда кумшекердин чекене баасынын мындан ары турукташуусуна оң таасирин тийгизет деп күтүлүүдө.

Эске салсак, буга чейин заводдун дүң сатуу баасы канттын килограммына 82 сом 50 тыйын болчу.