Ош шаарынын көчөлөрүндө милициянын кайгуул кызматы пайда болду.
Бул тууралуу novosti.kgге Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы
башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка караганда, учурда 100дөн ашык
кызматкер практика жүзүндө иш алып барып жатат. Такшалма 1 айга созулат,
андан кийин алар толук кандуу иштөөгө өтөт. Андан тышкары,
кайгуул кызматкерлерине 30дан ашык атайы унаа берилди.
Учурда техника, жабдуу жана кийим-кечек менен камсыздоо иштери уланууда.