Баткенде кыргыз-тажик чек арасы боюнча жумушчу топтордун жолугушуусу болду.
Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.
Тараптардын жетишилген макулдашууларына ылайык, 21-26-июль аралыгында Баткен шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү.
Белгиленгендей, иш-чара достук жана өз-ара түшүнүшүү манайында болду.
Кезектеги жолугушууну Тажикстандын аймагында өткөрүү макулдашылды.