Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалга байланыштуу 13-апрелге караган түнү башталган эки тараптуу сүйлөшүү аяктады.
Бул тууралуу Novosti.kgге президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Тажикстандын “Овчи-Калача” көзөмөл өткөрүү бекетинде уюштурулган жолугушуу болжол менен 5-6 саатка созулду.
Учурга карата кырдаал салыштырмалуу туруктуу.
Эске салсак, кечээ кечинде кыргыз-тажик чек арасында эки жолу ок атышуу болду.