УКМК мамлекеттик коргоого алынган адамдардын чөйрөсүн кеңейтүүдө

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет мамлекеттик коргоого алынган адамдардын чөйрөсүн кеңейтүүнү көздөөдө.

Мекеменин жетекчисинин орун басары Жумгалбек Шабданбековдун айтымында, Конституциялык соттун төрагасын мамлекеттик коргоого алуу сунушталып жатат.

Ошондой эле мурда “Мамлекеттик коргоо жөнүндө” мыйзамда 27 берене болсо, эми алардын саны 23кө чейин кыскартылышы күтүлүүдө .

Эске салсак, колдонуудагы мыйзамга ылайык, мамлекеттик коргоого президент, анын жубайы жана 18 жашка чейинки балдары, Жогорку Кеңештин төрагасы, Министрлер кабинетинин башчысы жана Жогорку соттун төрагасы алынат.