Чек арадагы абалды турукташтыруу максатында өткөн жыйында 6 протоколго кол коюлду

Чек арадагы абалды турукташтыруу максатында өткөн жыйында 6 протоколго кол коюлду.

Аларга 15-февралга чейин 114 чакырым чек ара аймагын аныктоо,

Баткен районунун жана Исфана шаарынын ортосундагы «Самаркандек» жана «Көк-Таш»

тилкелеринин ортосундагы жерлерди тактоо кирди. Ошондой эле жерлерди алмашуу боюнча

макулдашылган сунуштарды 1-мартка чейин иштеп чыгуу да бар. Мындан тышкары,

унаа жолдорунун кесилишинде жол чырактарды жана байкоо камераларды орнотууну макулдашылды.

Кошумчаласак, Кыргызстан менен Тажикстандын жалпы чек арасы 1 миң чакырымга жакын аралыкты түзүп,

анын 60 пайызы эки тараптуу . Такталбай калган 70тей жер тилке калк жашаган айылдарга туура келет.