Ордо кала тургундары коомдук унаалардын кыймылын смартфондон көрө алышат.
Учурда шаардагы бардык муниципалдык автобустарга видео байкоо системасы менен
GPS-навигатору туташтырылды. Мындай жаңы долбоорду калаа мэриясы сунуштап жатат.
Муниципалитеттин маалыматына караганда, система азырынча тесттик режимде иштеп жатат.