Чаткал районуна муниципалдык кичи ГЭС курулат. Аким Алтынбек Сеңирбаевдин айтымында, объект Каныш-Кыя айылында жайгашат.
Станциянын долбооруна жергиликтүү бийлик 5 миллион сом бөлгөн.
Келечекте ГЭС жылына бюджетке 60 миллион сомго жакын киреше алып келет деп күтүлүүдө.