Баткендин 22 орто мектебинде электрондук китепкана ачылды

Баткендин 22 орто мектебинде электрондук китепкана ачылды. Жаңычылдык “Кыргызстанда инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү” долбоорунун алкагында ишке ашты.

 

Китепканада кыргыз, орус жана англис тилдеринде адабияттарды тапса болот жана аларды Интернет байланышы жок эле колдонууга мүмкүн.

 

Окуучулар англис тили, математика, геометрия, тарых, физика, химия, көркөм өнөр жана программалоо боюнча видео лекцияларды англис тилинде көрө алышат. Балдардын билимин текшерүү үчүн тесттер да камтылган.