Чүй облусунун Москва районунун 1-классынын окуучулары кадимки форматта билим алат

Чүй облусунун Москва районунун 1-классынын окуучулары кадимки форматта билим алат. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Наргиза Умарова билдирди.

 

Анын айтымында, салттуу сабактар бүгүн башталды. Окуучулардын парталарга кайтып келүү чечимин райондук администрация, билим берүү бөлүмү жана санэпидем кызматы кабыл алды. Мектептер дезинфекцияланып, бардык санитардык нормалар сакталууда.