Ошто күндүзгү стационарлардын бардыгы жабылды. Акыркы 13 бейтап айыгып, ооруканалардан чыгарылганын, облустагы өкмөттүн өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Алардагы керебеттер, медициналык жабдуулар зыянсыздандырылып, убактылуу сактоого алынды.
Коронавирус пандемиясына байланыштуу аймакта жалпы 3 мин 600 орундуу 188 күндүзгү стационар ачылган.
Коронавирус июнь-июль айларында күчөп, ооруканаларда орун жетишпегени үчүн ыктыярчылардын демилгеси менен жалпы өлкө аймагында күндүзгү жана түнкү стационарлар ачылып, көбү учурда жабылды.