Бишкекте дагы эки мектеп карантинге жабылды

Бишкекте дагы эки мектеп (№6, №33) жабылды. Буга окуучулардан коронавирус табылганы себеп болду. Маалыматты мэрия таратты.

Ушуну менен жалпы жонунан 16 мектеп онлайн режимге өттү. Алар: № 24, 70, 67, 35, 12, 11, 65, 26, 63, 17, 64, 88, 62 жана 61.

 

Мындан тышкары, мектепке барышы керек болгон 1 862 окуучу ата-энесинин арызынын негизинде үйдөн окуп жатат.