Баткендин жабыркаган аймактарында банк системасы кадимки тартипте иштеп жатат. Улуттук банктын маалыматына ылайык, тажик тараптын кол салуусунда талкаланган кассалар оңдолуп, учурда кардарларды кабыл алууда.
Борбордук, Коргон, Интернационал жана Аксай айылдарындагы 4 банкомат калыбына келтирилип жатат. Баткен облусунун тургундарына айлыктар, пенсиялар, жөлөк пулдар жана башка социалдык төлөмдөр кадимки тартипте берилүүдө.