Кыргызстанда 839 мугалим жетишсиз.
Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдиргендей, өзгөчө математика, информатика, химия предметтери боюнча жана башталгыч класстардын мугалимдери жетишпейт.
Адистерди тартуу үчүн ведомство комплекстүү иш-чаралар планын аткарып келет. Алсак, мугалимдердин айлыгын көбөйтүү, педагогикалык багытта билим алган студенттердин стипендиясын жогорулатуу жана башка.