Беларусияда картошкага арналган эстелик пайда болду

Беларусияда картошкага арналган эстелик пайда болду.

Тагыраагы, Узда шаарында бир себетке толтурулган картошкалар

бийик таш үстүнө коюлган эстеликти көрсө болот. Анда ошондой

эле «өлкөдө картошка XVII (17) кылымда пайда болгон» деп жазылган.

Социалдык тармактын колдонуучулары скульптордун мындай жаңы

эмгегин ар кандай нерселерге салыштырып, тамашага алып,

мыкты баасын беришүүдө.