Азия оюндарына алгачкы ирет киберспорттун бир нече түрү кошулду

Азиянын Олимпиадалык кеңеши (OCA) 2022-жылы Кытайдын Ханчжоу шаарында өтө турган Азия оюндарына биринчи жолу киберспорттун бир нече түрү кошулганын жарыялады, деп билдирди монголиялык «Ikon.mn» маалымат сайты.

Азия оюндарына төмөнкү 8 компьютер оюну киргизилди:

  • PUBG Mobile,
  • Dota 2,
  • Hearthstone,
  • League of Legends,
  • FIFA,
  • Street Fighter V,
  • Arena of Valor,
  • Dream of the Three Kingdoms 2.