Instagram жаңы функциясын кое берди

Instagram жаңы функциясын кое берди. Ал “сторис” бөлүмүнө 15 секундалык видеолорду жүктөөгө шарт түзөт. Аны дароо ошол жерден монтаждап, ылдамдыгын өзгөртүп, эфекттерди кошуп, музыка менен коштоп койсо болот.

 

Учурда жаңычылдык Бразилияда гана жеткиликтүү. Жакынкы арада функция бүт дүйнө боюнча жайылтылат.