Беш күндө мектептерге 7 миңдей бала электрондук каттоого турду

Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Кара-Балта, Кызыл-Кыя жана Токмок шаарларынын мектептерине 2021-2022-окуу жылы үчүн 1-класска балдарды электрондук каттоо аркылуу кабыл алуу уланууда.

 

Билим берүү жана илим министрлиги кабарлагандай, 19-февралга карата келип түшкөн арыздардын жалпы саны – 7157 болду. Мунун 6350сү Бишкек шаарында, 150сү Ош шаарында, 122си Кара-Балта шаарында, 96сы Токмок шаарында, 272си Кызыл-Кыя шаарында, 167си Жалал-Абад шаарында.

Мекемеден билдиришкендей түшүнбөгөн же техникалык маселелер чыкса, ата-энелер 0312 88 71 99, 0500 88 71 99, 0222 88 71 99 номерлерине чалып, жардам алса болот. Номерлер иш күндөрү: дүйшөмбү-жумада саат 9:00-18:00дө иштейт. Тыныгуу сааты: 12:00-13:00.

 

Мектепке электрондук каттоо боюнча пилоттук долбоор 2019-2020-окуу жылында Бишкек шаарында башталган. Натыйжада бул ыкма аркылуу борбор калаадагы мектептердин биринчи классына 19 126 окуучу кабыл алынган. 2020-2021-окуу жылы да уланган.

 

Быйылкы кабыл алуу 2021-жылдын 15-февралында башталган. Каттоо mektep.edu.gov.kg сайты аркылуу жүргүзүлөт.