Бюджеттеги оор абалга карабай, өлкөдөгү авариялык мектептер жыл аягына чейин ремонттолот

Бюджеттеги оор абалга карабай, өлкөдөгү авариялык мектептер жыл аягына чейин ремонттолот. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов жарыялады.

 

Анын айтымында, тизмеде бардык региондордон мектептер бар. Пандемияга байланыштуу айрым курулуш жана оңдоо иштери убактылуу токтотулган. Бирок буга карабай, ремонт өз убагында аяктайт, — деди премьер.