Ордо калаада 7 мектеп оңдоп-түзөөдөн өтөт.
Анда билим берүү мекемелеринин жылуулук тармактарын
калыбына келтирүүгө басым жасалмакчы. Буга карата
“Капиталдык курулуш” башкармалыгы тендер жарыялады.
Пландалган сумма жалпысынан 8 миллион сомду түзөт.
Арыздарды кабыл алуу 17-мартта токтотулат.