Бийлик Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолуна инвестор издеп жатат

Бийлик Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолуна инвестор издеп жатат.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун айтымында, учурда аталган темир жолдун беш чакырымы курулду, аны толук куруп бүтүрүү үчүн инвестор изделүүдө.

Балыкчы–Кочкор–Кара–Кече темир жол долбоору 2030-жылга чейин аяктайт деп күтүлүүдө.

Анын расмий курулушу мартта башталган.

Белгилеп кетсек, буга чейин өлкө объектти өз каражатына курары айтылган.