Кыргызстандын 40 району чет элдик фонддун эсебинен тез жардам унаалары менен камсыздалат

Кыргызстандын 40 району чет элдик фонддун эсебинен тез жардам унаалары менен камсыздалат.

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков билдирди.

Маалыматка ылайык, Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети “COVID-19 инфекциясынын кесепеттерин жоюу” долбоорун каржылоого Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунан грант берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоону үч окууда жактырды.