Баткенде 1 миллион 200 миң сомго курулган онлайн-режимде өтүүчү жыйындар залы ачылды

Баткен облусунун жетекчилигине 1 миллион 200 миң сомго курулган

онлайн-режимде өтүүчү жыйындар залы ачылды. Облус башчысынын орун басары

Чынара Саттарованын айтымында, бул залдын жабдылышы оперативдүү жыйындарды

өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул болсо өз кезегинде чечимдерди өз убагында

кабыл алуу жана иш сапарга кетүүчү убакытты жана чыгымдарды кыскартууга

өбөлгө түзөт, — деди Саттарова. Сарпталган каражатка 24 монитор, 2 компьютер,

видеоконференц система жана эмеректер алынды.