Өкмөт ГЭС кургандарга жеңилдик берүү ниетинде

Өкмөт ГЭС кургандарга жеңилдик берүү ниетинде.

 

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

 

Анын айтымында, салык кодексинде күндүн нуру же ГЭСтерге алып келе турчу жабдууларга бардык салыктар алынып салынды жана жеңилдик 15 жылга чейин берилет.

 

Ошондой эле, бул багытта атайын фонд түзүлүп жатат.

 

Кошумчаласак, Кыргызстанда жети ири гидроэлектр станциясы иштеп жатат.