Билим берүү мекемелеринин жетекчилери мамлекеттик тилден сынак тапшырууда

Билим берүү мекемелеринин жетекчилери мамлекеттик тилден сынак тапшырууда.

Бишкектин, Чүй райондорунун орто жана жогорку кесиптик билим берүү окуу

жайларынын жетекчилери мамлекеттик тилди билүү деңгээли боюнча

тестирлөөдөн өтүштү. Сынактын биринчи күнүндө 40 адам катышты.

Мындан ары да Министрлик кызматкерлердин тилди билүү деңгээлине

көзөмөл жүргүзүү менен мониторинг жасап турат. Эми тестирлөөгө аймактык

кесиптик лицейлердин, колледждердин жана университеттердин ректорлору катышат.