Ушул жылы Бишкекте 50 гектар жердеги көк майсан кайра калыбына келтирилет

 

Ушул жылы Бишкекте 50 гектар жердеги көк майсан кайра калыбына келтирилет.

Бул тууралуу “Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасынан novosti.kgге билдиришти.

Маалыматка караганда, учурда даярдыктар башталды. Ак-Ордо конушунун Гагарин

көчөсүндө казуу иштери жүрүп, топурагы жер деңгээлинен түшүрүлүп жатат.

Ошондой эле Фучик көчөсүнөн Кустанай тилкесине чейин иштер башталды.

Жибек Жолу проспектисинен Мамлекеттик каттоо кызматынын аймагына

чейинки мыйзамсыз унаа токтотмолор жоюлуп, бетон конструкциялардын

ордуна жакында көчөт отургузуу башталат.