Билим берүү министрлиги 12 жылдык мектепке өтүүнүн болжолдуу мөөнөтүн билдирди

Билим берүү министрлиги 12 жылдык мектепке өтүүнүн болжолдуу мөөнөтүн билдирди.

Ведомство жетекчисинин орун басары Надира Жусупбекованын айтымында, жаңы системага 2024-25-окуу жылынан баштап толук өтүүгө болот.

Ал ошондой эле министрлик мектептерге 12 жылдык билим берүүнү киргизүү боюнча жол картасын иштеп чыкканын белгиледи.

Эске салсак, окутуунун жаңы моделин киргизүү, анда нөлдүк класс жоюла тургандыгы апрель айынын башында белгилүү болгон.