Кыргызстанда Жалпы республикалык тестирлөө белгисиз мөөнөткө жылдырылды

Кыргызстанда Жалпы республикалык тестирлөө белгисиз мөөнөткө жылдырылды.

Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун адиси Чынара Батыракеева билдиргендей,

учурда аны онлайн өткөрүүгө мүмкүнчүлүк жок, жабдуулар жетишсиз. Ошондой эле

ЖРТга каттоо башталганда окуучулар кезексиз каникулга тарап кеткендиктен,

бүтүрүүчүлөрдүн санын тактоого мүмкүнчүлүк болбой калган. Тестирлөөнүн өтүшү

өлкөдөгү кырдаалга жараша чечилет. Эске салсак, буга чейин жалпы

республикалык тестирлөө 15-майдан 20сына чейин өткөрүлмөк.