Ордо калаа мугалимдерине айлык жана эмгек өргүүсү үчүн төлөмдөр толугу менен жакынкы арада берилет.
Вице-мэр Алмаз Бакетаевдин айтымында, педагогдор жылда 15-майдан тартып эмгек өргүүсүнө чыга баштачу.
Быйыл карантинден улам аралыктан иштешип, эс алуу мөөнөтү да июнь айында башталды. Учурда акчалар
бериле баштады. Кошумчаласак, ордо калаа мектептеринде жалпысынан 7 миң 884 педагог эмгектенет.