Олег Попиков Бишкектин вице-мэри болуп дайындалды

Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев кызматынан бошотулуп, анын ордуна турак жай-коммуналдык чарба боюнча вице-мэрликке Олег Попиков дайындалды.

Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.