Билим берүү министрлиги мугалимдерди жана ата-энелерди  ийгиликтүү аяктаган окуу жылы менен куттуктап, ыраазычылык билдирди

Билим берүү министрлиги мугалимдерди жана ата-энелерди  ийгиликтүү аяктаган окуу жылы менен куттуктап, ыраазычылык билдирди. Быйыл төртүнчү чейрек аралыктан өттү.

 

Мындай формат биринчи ирет колдонулгандыктан, көптөгөн маселелер орун алды. Тез арада жаңы технологияларды өздөштүрүп, окуу процессин үзгүлтүккө учуратпаган мугалимдерге миң алкыш, — дешти ведомстводон.

 

Ошондой эле министрликтен белгилешкендей, ата-энелер дагы чоң салымын кошуп, балдарга онлайн окууда жардам беришти.