Жалпы республикалык тестирлөөнүн жүрүшүндө 6 бүтүрүүчү дисквалификацияланды

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жүрүшүндө 6 бүтүрүүчү дисквалификацияланды. Бул тууралуу novosti.kgге Билим берүүдө баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева билдирди.

 

Анын айтымында, абитуриенттер тестирлөөгө телефон, шпаргалкаларды жоолуктарга жана маскаларга катып киришкен. Андан тышкары, окуучулардын атын жамынып башка эле киши сынакка кирген учурлар дагы катталды. Дисквалификацияланган катышуучулар бул жылкы тестирлөөгө киргизилбейт.