Чет элдик жарандар үчүн “Жашыл коридордун” мөөнөтү 1-июлга чейин узартылды

Чет элдик жарандар үчүн “Жашыл коридордун” мөөнөтү 1-июлга чейин узартылды. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстандагы чет элдиктер ага чейин атайын визаларды албай эле чыгып кете алат.

 

Ошондой эле алардан жашаган жери боюнча каттоо кагазы талап кылынбайт. Мындай чечим эл аралык каттамдардын жоктугунан улам кабыл алынды.