Билли Айлиш алгачкы ирет атактуу “Симпсоны” мультфильминде тартылат

Билли Айлиш алгачкы ирет атактуу “Симпсоны” мультфильминде тартылат.  Күйөрмандар 20 жаштагы жылдызды анын 24 жашар бир тууганы, музыкант Финнеас О’Коннелл менен биргеликте көрө алышат.

 

Алар каармандарды дагы өз үнү менен коштогону айтылат. Мультфильмдин бет ачары 22-апрелде Disney+ сервисинде өтөт.

 

Белгилеп кетсек, бул Билли үчүн алгачкы тасмага тартылуу болот.