Telegram мессенджери видео чалуу функциясын сынактан өткөрө баштады

Telegram мессенджери видео чалуу функциясын сынактан өткөрө баштады.

Жаңычылдык азырынча тиркеменин жаңыланган iOS версиясында гана тесттик режимде жеткиликтүү.

Функцияны активдештирүү үчүн 6.3. версиясына чейинкилер AppStore аркылуу Telegram тиркемесин

жаңылаш керек. Мындан кийин debug-меню бөлүмүнө кирип, ал жактан эксперименталдык функцияны

тандаш керек. Мындан тышкары жаңыланган версиядан кийин профилде

сүрөттүн ордуна видео коюу мүмкүнчүлүгү пайда болот.