Биометрикалык паспорттордун баасы жогорулайт

Биометрикалык паспорттордун баасы жогорулайт. Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиевдин айтымында, 2017-жылы өткөрүлгөн тендердин эрежеси боюнча 3 миллион бланк сатылып алынган, анын басымдуу бөлүгү гранттык негизде жеткирилген.

 

Акысыз бланктар түгөндү, эми августтан тарта жарандар алар үчүн акы төлөшү керек. Эгер учурда паспорт алуу 263 сом болсо, төлөм болжол менен 500 сомго жетет. Бул КМШ өлкөлөрүндө өздүк документтин эң төмөн баасы, — деди Мамбеталиев.