Өкмөт таза суу системасын өнүктүрүү боюнча программаны бекитти

Өкмөт таза суу системасын өнүктүрүү боюнча программаны бекитти. Бул тууралуу өкмөт аппаратынан билдиришти. Программага ылайык, 715 айыл таза суу менен жакынкы жылдары камсыздалат.

 

Курулуш иштери республикалык бюджеттин каржылоосу жана эл аралык донорлордун колдоосу менен  жүргүзүлөт. Долбоор 2023-жылдын аягында жыйынтыкталат.