Пенсионер жана жөлөк пул алуучулар карточкасы аркылуу акчасын алууда комиссия төлөбөйт

 

Пенсионер жана жөлөк пул алуучулар карточкасы аркылуу акчасын алууда

комиссия төлөбөйт. Тиешелүү токтомду Улуттук банктын кеңешмеси кабыл алды.

Өзгөртүүлөргө ылайык, мамлекеттен пенсия, жөлөк пул алгандар кайсы

коммерциялык банктан эсеп ачканына карабастан комиссия төлөөдөн бошотулат.

Бул бардык банктардын POS-терминалдарына жана башка түзүмдөрүнө тиешелүү.

Социалдык фонддун маалыматына караганда, Кыргызстандагы 670 миң пенсионердин

55 пайызы пенсиясын банктардан, калганы почта бөлүмдөрү аркылуу алат.