Бир күндүк кыштын аба-ырайы Бишкектин жашоочуларына да көйгөйлөрдү жаратты.
Айрым райондордо бир нече бактар кулады. Дарактар унааларды да басып калганы
тууралуу сүрөттөрдү колдонуучулар социалдык тармактарга жүктөп жатышат.
Шаардык мэриядан novosti.kgге билдиришкендей, туруксуз аба-ырайынан
катталган кырсыктардын чыгымдары эсептелүүдө.