Нарын облусунда район жана айылдар ортосундагы санитардык түйүндөр алынды.
Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка караганда,
учурда Кочкор, Жумгал жана Ак-Талаа райондорундагы 3 негизги пост иштеп жатат.
Алардын ишмердүүлүгү 22-марттан бери уланууда. Ошондой эле
Нарын облусунан Бишкек жана Чүй облусуна жүрчү каттамдар да азайтылууда.