Кыргызстанда Курман айт майрамына карата 4 күндүк эс алуу жарыяланды.
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон жарлыкка ылайык, 19-июлдагы иш күнү 24-июлга которулду.
Курман айт быйыл 20-июлда белгиленет. Андан улам, кыргызстандыктар 17-июлдан 21-июлга чейин эс алат.