Таластан табылган ак илбирс реабилитациялык борборго өткөрүлүп берилди.
Бул тууралуу Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары
департаментинен билдиришти. Эске салсак, 9-январда Талас районунун Көк-Ой айылындагы
Булбул-Жар токоюнда жарадар болгон ак илбирс табылган. Жаныбарга ок атылганы аныкталып,
адистер ага операция жасашты. Ал эми милиция менен экологдор
ак илбирсти аткан адамды издөөдө. Ага карата кылмыш иши ачылды.