Кыргызстан калкы үчүн электр энергиясынын тарифтери көтөрүлбөйт. Буга “Улуттук энергохолдингдин” жетекчиси Айтмамат Назаров ишендируүдө. Ал белгилегендей, жарык үчүн тариф акыркы жолу 2014-жылы өзгөргөн.
Андан бери ошол бойдон сакталып келе жатат. Эгер өкмөт тарифти өзгөртүүнү чечсе “Улуттук энергохолдинг” аны аткарууга милдеттүү, — деди Назаров. Бүгүнкү күндө электр энергиясы калк үчүн 77 тыйын деп бекитилген, бекитилген чектен ашкандар 2 сом 16 тыйындан төлөшөт.
Өнөр жай, айыл чарба жана бюджеттик мекемелер киловатына 2 сом 24 тыйындан төлөйт.